14:55, 03 октября 2017, 24.kg

Канатбек Исаев тасмада өзүнүн үгүтчүлөрүнө акча бергенин мойнуна алды

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев өзүнүн айыбын мойнуна албайт. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Азизбек Турдалиев маалымдады. 

Жактоочунун айтымында, Канатбек Исаев президенттикке ат салышкан кезде үгүтчүлөр менен жолугуп, аларга акысын берген учурлардын бири тасмага тартылып калышы мүмкүн экендигин билдирет. 

«Ал эми телефон менен сүйлөшкөн жарандар ким экендигин дагы билбейбиз. Канатбек Исаев аларды тааныбайт. Акча берип жаткан кезде дагы Исаев төңкөрүш боюнча айткан эмес. Анүстүнө ал тасмалар мыйзамсыз тартылган. Демек сотто далил боло албайт» — деди Азизбек Турдалиев. 

Канатбек Исаев 30-сентябрда кармалды. 

Views
145
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18