Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
16:10, 02 октября 2017, 24.kg

Шаардык сот Өмүрбек Текебаевге райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата өкүмүнө арызды карап бүттү. Бүгүн соттун бүтүмү угузулду. 

Райондук соттун 16-августта чыгарган өкүмү күчүндө калды. Айыпталуучулар 8 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү алынат. 

Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов бүгүн сотко каршылык иретинде жыйын залынан чыгып кетишкен. Алардын жактоочулары өкүм угузууда катышкан жок. Айыпталуучулардын жакындары жана тарапташтары дагы өкүм окулуп баштаганда залдан чыгып кетишти. 

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери жемкорлук беренеси менен айыпталган. 

 

Views
126
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18