10:16, 29 сентября 2017, 24.kg

Жаратылыш кырсыктары менен күрөшүүгө бюджетте акча жок

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаратылыш кырсыктары менен күрөшүүгө атайын техника керек. Ага мекеменин бюджетинде акча жок. Бул боюнча министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт буга чейин эле ӨКМге кошумча каражат которуу токтомун кабыл алган. Бирок, дагы эле бул жылга, эмки жылга дагы кошумча акча бөлүнө элек.

«Бизде ишке жарактуу 69 машина гана калды. Бул жыл өтө оор болду. Бизде техника аз. Айрыкча жер көчкү менен күрөшүүгө атайын техника керек», — деди Кубатбек Боронов.

Аны премьер-министр Сапар Исаков дагы колдоду.

«Маселе чечилиши керек. Эмки жылга дагы божомолдор жакшы эмес. Жамгыр, каар көп жаашы күтүлөт. Андыктан министрликтин жумушу көп болот. Аларга техника керек» — деди Сапар Исаков.

Views
122
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18