Юлия КОСТЕНКО
16:48, 27 сентября 2017, 24.kg

Бакиевден калган MegaCom кимдин колуна өтөт? Нагорная тууралуу бир нече факт

Көптөгөн чыр жаратып, беделдүү саясатчыны түрмөгө чейин жеткирген «Мегаком» компаниясына акыры кардар табылды. Мамлекеттик мүлк фонду үч жолу аукцион өткөрүп, баштапкы баасын бир миллиард сомго (14,2 миллиарддан сомдон 13,5 миллиард сомго) кыскартып дагы инвестор таппай келген. Көпчүлүк акциялары бүдөмүк ишкананы эч ким сатып албастыгын билдиришкен.

Чындыгында компаниянын акциялары бүтөмүк. Мамлекеттик мүлк фондунун билдирүүсүндө, үч соттук териштирүү аяктай элек. Белгилүү болгондой уюлдук оператордун 51 пайызы 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин улутташтырылган. Калган 41 пайызы дагы соттун чечими менен мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок, ал үлүштү талашкан ишкананын доо арыздарын кароо уланууда.

Кечээ мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков «Альфа Телеком» (MegaCom — соода маркасы) сатып алууга кардар табылганын сүйүнчүлөдү. Ал Россиянын жараны — Елена Нагорная. Фонддун билдирүүсүндө, ишкер айымдын документтери, өздүгү жана башка байланыштуу маалыматтар текшерилди. Инвестор өзү учурда Бишкекте экен. Бирок, аны менен азырынча байланышуу мүмкүн болгон жок. Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер жана журналисттер Елена Нагорнаянын өздүгүн жана байлыгын издеп, интернеттеги ачык булактарды тинтүүгө алышууда.

Чай сатуучу айым

Елена Нагорная тууралуу алгач эле анын Африкадан чай ташып келип иштери жана Россияда азык-заттар тууралуу журналы бар экени белгилүү болду. 1976-жылы төрөлгөн ишкер Африка өлкөлөрү, айрыкча Кения менен жакшы байланышта экендиги айтылат.

Россиялык маалымат каражаттары Нагорнаяда курулуш жана энергетика тармагында үлүшү бар экенин жазып чыгышты. Ал Мамлекеттик думанын депутаты Сергей Поддубниктин жардамчысы дагы болуп иштейт.

Шектүү шексинет

Шектенүүгө себеп бар. Коомчулук Liglass Trading ишканасынын окуясын эстен чыгара элек. Айтмакчы, депутаттар дагы уюлдук компанияны сатып жиберүүдөн мурда Liglass Trading менен келишимдин тагдырын кайталабаш үчүн инвесторду дыкат текшерүү керектигин билдиришти. Liglass Trading бүгүн Кыргызстанды сотко берерин жарыялады. Эл аралык соттогу териштирүүлөр бир топ чыгымды талап кылары белгилүү. Биздин жыртык бюджет айрым аткаминерлердин жоопкерчиликсиздиги кымбат туруп жатат.

Жарандык активист Эдил Байсалов Елена Нагорная боюнча маалыматтарын социалдык тармакка жарыялады. Анын айтымында, ишкер айымга тиешелүү деген ишканалардын аты гана бар.

Капчыгы «тешик»

Елена Нагорнаянын финансалык отчеттору көңүл жылытаарлык эмес. Андыктан бул айымдын Кыргызстандагы ири уюлдук операторду сатып алууга дымагы таң калтырат.

«Контраст-Ти» ишканасы 2014-жылы 20, 4 миллион рубль киреше таап, 100 миң рубль чыгаша болгон. 2015-жылы финансалык көрсөткүчтөр андан да төмөндөгөн. 4, 6 миң рубль сатык 239 миң рубль чыгаша алып келген.

Дагы бир компаниясы — «Кени-Ти» дагы чыгашага иштейт. 2016-жылы 2 миллионго чыгаша болгон. Ишкананын 40,7 миллион сом насыясы да бар.

Андыктан карызын төлөй албаган айымдын Кыргызстандагы ири уюлдук компанияга кызыгуусу суроо жана суроо туудурат.

Материалды толук бул жерден окуй аласыз. 

Views
197
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18