14:22, 27 сентября 2017, 24.kg

Сары-Челек коругунда жоголгон Израилдик кыз дагы эле табыла элек

Сары-Челек коругунда жоголгон Израилдик кыз дагы эле табыла элек.

Photo 44020

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, издөө уланууда. Бүгүн айрым маалымат агентиктери 22 жаштагы Хилла Ливнени издөөгө Израиль төрт куткаруучу жиберип, Германиядан тик учак сурап жаткандыгын жазып чыгышкан.

Хилла Ливне 22-сентябрда жоголгон. Маалыматка караганда алар тобу менен Кара-Cуу айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Сары-Челек көлүнө өтүп кетмекчи болушкан. 

Хилла Ливненин жоголгондугу 23-сентябрда маалым болгон. 22-сентярь күнү Аркыт айылынын тургуну эки баласы менен бирге Котормо капчыгайында 1993-жылкы туристти жолуктурушкан. Бутун кокустатып алган туристти жергиликтүү тургун үйүнө алып келген. Ошондо гана турист жанында Хилла Ливне аттуу кыз да болгонун айткан.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, туристтер Сары-Челек коругуна жакын капчыгайда кармалып калышкан. Алар ошол күнү GPS аркылуу «SOS» белгисин жөнөтүшкөн. Биринчи күнү Куралдуу күчтөрдүн тик учагы менен изделген.

Алгач ӨКМ маалымат жоктугун айткан. Бүгүн гана министрликтин 10 куткаруучусу кечээ түнү Сары-Челекке жеткендигин кабарлашты.

Views
161
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18