13:45, 27 сентября 2017, 24.kg

Добуш сатып алуу аракети. Үгүткө байланыштуу дагы кылмыш иши козголду

Добуш сатып алуу жүйөөсү менен эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын эки тургуну кайсы бир талапкерге үгүттөп, эки миң сом сунуштаган. Кылмыш иши Ош шаардык сотуна өткөрүлдү. Мыйзам бузган жарандарга 300 миң сом айып пул салынышы, же 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, дагы бир кылмыш иши Бишкек шаарынын тургунуна каршы козголду. Анда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү катары өзүн тааныштырган жаран дагы добушун эки миң сомго сатууну сунуштаган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура буга чейин Юридикалык академиянын окутуучусуна дагы иш козгогон. Ал студенттерди КСДП партиясынын талапкерин колдоого үгүттөгөн. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге үгүт иштерине катышууга тыюу салынат. 

Views
240
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18