11:05, 27 сентября 2017, 24.kg

Ирактагы Күрдистандын көз-карандысыздыгын 91,83 пайыз шайлоочулар колдоду

Ирактагы Күрдистандын көз-карандысыздыгын 91,83 пайыз шайлоочулар колдоду. Бул тууралуу Rudaw күрд порталы маалымдайт.

Алардын маалыматында, Күрдистан автономиялык облусунун көз-карандысыздыгы боюнча 27-сентябрда өткөн референдумга шайлоочулардын 72 пайызы катышты. Добуш бергендердин 8, 17 пайызы каршы болушкан.

Күрдистандын аймактык өкмөтүнүн президенти Масуд Барзани эгемендүүлүктү колдогондор жеңишке жетишкенин билдирди. Ал Ирак бийлигине элдин үнүн угуп, сүйлөшүүгө чакырды.

Расмий Багдад референдум конституцияга каршы келерин билдирүүдө.

Ал арада Түркия президенти Реджеп Эрдоган Күрд автономиясын ачкачылык менен коркутту. Түркия лидери Күрдистан эгемендүүлүккө ээ болсо, мунай-зат ташуу токтотулуп, эли ачка каларын айтты.

 

Views
124
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18