15:07, 26 сентября 2017, 24.kg

MegaСom компаниясын россиялык ишкер сатып алат

MegaСom компаниясын россиялык ишкер Елена Нагорная сатып алат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Елена Нагорная «Альфа Телекомду» сатып алуу үчүн арызын берген. Анын документтери жана сатып алууга финансалык мүмкүнчүлүгү текшерилип чыкты. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ишкер акчаны которушу менен келишимге кол коюлат.

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматында, Елена Нагорнаяда бир нече ишканасы бар.

Эскерте кетсек, уюлдук компаниянын 100 пайыз акциясы сатыкка коюлган. Ал 13, 5 миллиард сомго бааланган. Сатып алган ишкер соттук териштирүүнү дагы мойнуна алат.

Фонд компанияга бир жылдан бери кардар издөөдө. 

Views
143
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18