Анастасия БЕНГАРД
17:38, 25 сентября 2017, 24.kg

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имараты бузулат

Башкы прокуратуранын Киев көчөсүндөгү өрттөнгөн имараты бузулат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Койчогүл Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, имарат оңдолбой турган болду.

«Жаңы текшерүү өткөн. Ага ылайык имараттын 70-80 пайызы жараксыз жана сейсмологиялык жактан кооптуу деп табылды. Андыктан оңдоп чыгуунун туура эмес. Андан көрө бузуп, курган оң. Азыр тендер токтотулду», — деди ал.

Тендерди өткөрүүгө 120 миллион сом бөлүнгөн.

Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы апрель айында өрттөнгөн. Жалпы аянтты 4 миң 650 чарчы метр.

Views
133
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18