Элмира Ибраимова Темир Сариев менен көз-карашы келишпей, иштешүүнү токтотту
Эсептөө палатасынын мурдакы төрайымы Элмира Ибраимова Темир Сариевдин командасынан кетип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында кабарлады.
Анын айтымында, президенттик талапкер менен көз-карашында ажырым пайда болгон.
Темир Сариевдин штабы маалыматты ырастап, Элмира Ибраимованын ордуна А. Эргешов штабты жетектерин билдирди.