14:31, 25 сентября 2017, 24.kg

Талапкер ар бир мектепти автобус менен камсыз кылууну убадалайт

«Биринчи радионун» эфиринде президентикке талапкерлердин дебаты уланды. Бүгүн ага Арсланбек Малиев, Токтойым Үмөталиева жана Улукбек Кочкоровдор катышты.

Токтойым Үмөталиева саламаттык сактоо тармагына көңүл бөлөрүн, мамлекет үчүн эне-бала ден-соолугу эң маанилүү болуусу керектигин айтты.

Арслан Малиев Кыргызстандын эл аралык аброюн жакшыртуу үчүн анын аталышын өзгөртүү зарылдыгын билдирди.

«Кыргызстандагы «стан» үчүн биздин Пакистан, Ооганстан менен алмаштырышат. Кыргыз Республикасы деген дагы кыргызча эмес. Кыргыз жери, кыргыз каганаты деп тааныштырганга өтсөк» — деди ал.

Андан сырткары, Арсланбек Малиев балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектептерди окуучуларды ташыган автобустар менен камсыздамакчы.

Улукбек Кочкоров талапкерлердин арасында акча, кызмат эмес, идея үчүн биригүүгө кызыкдар жок экенин билдирди.

Дебаттардын экинчи туру 3-октябрда уланат.  Ушул эле күнү радио дебаттар дагы башталат. 

Views
140
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18