08:51, 25 сентября 2017, 24.kg

Өзбекстанда 1-октябрдан тарта калкка чет өлкөлүк валюта сатыла баштайт

Өзбекстан бийлиги он жылдан бери биринчи жолу 1-октябрдан тарта калкка чет өлкөлүк валюталарды сатып алууга уруксат берет. Бул тууралуу Reuters агентигине шилтеп, centralasian кабарлайт.

Учурда өзбекстандыктар чет өлкөлүк валюталарды пластикалык төлөм карталары аркылуу гана сатып ала алышат.

Өзбекстан премьер-министри улуттук валютанын мындан аркы девальвациясын базар аныктай турганын кошумчалаган. Мындан тышкары 5-сентябрдан тарта физикалык жактар акча алмаштыруу жайларында валюта сатуу укугуна ээ болушту.

Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, конвертация ачылгандан бери алгачкы жумада эле калк банктардан 200 миллион доллар, юридикалык жактар 100 миллион доллар алмаштырган.

Views
103
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18