15:36, 23 сентября 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!

Урматтуу кыргызстандыктар!
23-сентябрь 1989-жылы парламент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алган. Бул күнү Кыргызстан жалпы улуттук майрам — Мамлекеттик тил күнүн белгилейт. Чын жүрөктөн сиздерди биздин бул жалпы майрамыбыз менен куттуктайм!

«Манас» сыяктуу алп чыгарма кыргыз тилинин түгөнгүс дараметин, байлыгын өзүнө камтыган. Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу, таланттуу жазуучулар кыргыз тилинде өзүнүн түбөлүктүү чыгармаларын бизге калтырып кетти. Эне тилдин жардамы менен эң терең ойлорду жана сезимдерди билдире алабыз. Эне тил — бул улуттун маданияты жана ой жүгүртүү образы.

Президенттик кызматка талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 23.09.2017-жыл.

Views
163
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18