Генерал Бусурманкул Табалдиев: Сооронбай Жээнбековго гана добуш беребиз!
«Биз бүгүн чоң саясий сыноонун алдында турабыз» — деп билдирди Талас облусунун Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу, генерал Бусурманкул Табалдиев президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун район тургундары менен жолугушуусу учурунда.
Ал алдыда боло турган президенттик шайлоодо өлкөнүн тагдыры чечилерин, ошондуктан мамлекеттин келечегине таасир эте турган мындай тандоодо жаңылбашыбыз керектигин белгилеп өттү.
Ал Алмазбек Атамбаев менен бирге иштешкендигин, азыркы президент Акаев менен Бакиев бүлдүрүп кеткен нерселерди оңдоп-түзөөгө жан үрөп иштөөгө туура келгендигин белгиледи.
«Эми өзүңөр деле көрүп турасыңар, биз өнүгүү жолуна түштүк. Чет өлкөлөр менен мамилебиз жакшырды. Премьер-министр кезинде Сооронбай Жээнбеков 1,5 жыл ичинде Алмазбек Атамбаевдин ийгиликтери менен жетишкендиктерин бекемдеп, андан ары да өнүктүрө алды. Кылым карыткан кыргыз көчүн Сооронбай Жээнбеков гана татыктуу уланта алат. Жээнбеков гана бизди бийик максаттарга жетелей алат. Эгер биз элибиздин, мамлекетибиздин, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер эмес болсок, Сооронбай Жээнбековду президент кылып шайлап алышыбыз керек», — деди Бусурманкул Табалдиев.
Талапкер менен болгон жолугушууга 4 миңден ашуун шайлоочу катышты. Алар Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн кызыкчылыгына күйгөн, элдин ишенимине татыктуу адам катары көпкө чейин кетирбей, кол чабуу менен узатышты.
Президенттикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 22.09.2017-ж.