Юлия КОСТЕНКО
16:26, 22 сентября 2017, 24.kg

Боршайком: Чубак ажы Барпыга Жээнбековдун эмес, Ташиевдин чакыруусу менен барган

Борбордук шайлоо комиссиясы диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун үгүт иштерине катышуусу боюнча арызды карап чыкты. 

Сооронбай Жээнбековдун ыйгарымдуу өкүлү Жылдыз Сманованын айтымында, Чубак ажы Жалиловду Камчыбек Ташиев конокко чакырган. Жолугушуу Камчыбек Ташиев тарабынан уюштурулуп, анын кичи мекенинде өткөн. Президентикке талапкер Жээнбеков дагы конок болгон.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов Жалал-Абадда Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусуна катышып, аны колдоо алып, элди үгүттөгөн. Мыйзам боюнча диний ишмерлерди үгүт иштерине тартууга тыюу салынат. Жарандык активист Адил Турдукулов БШКга арыз менен кайрылган. 

Views
207
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18