11:32, 22 сентября 2017, 24.kg

Салянованын сотунда Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин гана танапис жарыяланды

Ленин райондук сотунда мурдакы юстиция министри Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши боюнча сотто жарыш сөз уланууда. 

Жарыш сөздүн жүрүшүндө жактоочулар танапис суранышты. Ага сот макул болгон жок. 

«Биз деген адамбыз да. Эмне деген шылдыңдоо» - деди Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова.

Сотко Акыйкатчы Кубат Оторбаев келип, ал сурангандан кийин гана танаписке уруксат берилди.

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет. 

Views
158
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18