10:04, 22 сентября 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Американын ири компанияларынын негиздөөчүлөрү менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев Нью-Йорк шаарында Американын ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү жана ири компаниялардын негиздөөчүлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлайт. 

Жолугушууга Baker & McKenzie LLP, General Electric, AGCO Corporation, Coca-Cola, Сiti, Oppenheimer&Со, Inc, Visa Inc, Microsoft, White 64, AES, John Deere жана башка компаниялардын жетекчилери катышкан.

Президент General Electric компаниясынын вице-президенти жана КМШ аймагы боюнча аткаруучу директору Рон Поллет менен Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын жакшыртуу маселесин талкуулашты. 

Маалыматта, АКШ ишкерлери Кыргызстанда бизнести жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилешкен. 

Views
136
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18