09:45, 22 сентября 2017, 24.kg

Ашхабад Азия оюндарын чагылдырган чет элдик журналисттерди катуу көзөмөлдөөдө

Ашхабадда Азия оюндарын чагылдырап жаткан чет өлкөлүк журналисттер тыкыр көзөмөлгө алынууда. Бул боюнча «Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдайт.

Радионун билдирүүсүндө, айрым чет өлкөлүк кабарчылар медиа өкүлдөрүнүн көбүнө мелдешти видеого жана сүрөткө тартууга уруксат берилбегенин айтышат. Ар бир журналистти экиден гид көзөмөлгө алып, күнүнө үч жолу Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук комитетиндеги кураторлоруна маалымат беришүүдө.

«Мени эки гид коштоп жүрөт. Ээн-эркин баса албайм, дайыма жанымда жүрүшөт. Инстуркциялары ушундай экенин айтышты. Алар жергиликтүү университеттердин студенттери экен»-деди журналист.

Маалыматтарга караганда чет өлкөлүк журналисттердин Ашхабаддан башка аймактарга баруусуна дагы тыюу салынган.

Бул арада The Guardian, Associated Press өңдүү бир нече чет өлкөлүк ММКларга берилген аккредитациялар жокко чыгарылган. 

Views
130
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18