09:31, 22 сентября 2017, 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди депутаттар биринчи окууда колдошту

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын аныктоо боюнча келишимди депутаттар биринчи окууда колдошту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. 

Келишимди парламент жабык эшик артында талкуулады. Добуш берүүгө катышкан 86 депутаттык экөө гана келишимге каршы чыгышты. «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жана «Бир - Бол» фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев каршы добуш беришти. 

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасынын 85 пайызын тактап, бир пикирге келгендиги жарыяланган. Ортолук келишимге Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеев 5-сентябрда Бишкекте кол коюшкан. Бирок, кайсы аймактар такталганы ачык айтылбай, келишим сыр бойдон сакталууда. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки анклав жана бир нече талаш аймактар бар. Алардын бири Унгар-тоо. 2016-жылы бул аймакка Өзбекстан аскерлерин дагы киргизген. 

Views
149
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18