09:01, 21 сентября 2017, 24.kg

Астана Бишкекке нота менен жооп берди

Казакстандын Тышкы иштер министри Кыргызстандын нотасына нота менен жооп берди. Кечээ Астанада Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын өкүлү чакырылып, нота ыйгарган. 

Анда Астана Бишкектин Нурсултан Назарбаевдин Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусуна нараазычылык билдиргенин таң калганы айтылат.  

«Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин дагы көп өлкөлөрдүн саясатчылары менен жолугушуп келген. Мисалы, 14-августта Кыргызстандын президенттик кызматына дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Анда жана кийинки жолугушууда дагы Нурсултан Назарбаев кыргыз эли шайлаган президент менен иштешүүгө даяр экендигин билдирген», — деп айтылат.
 
Эскерте кетсек, президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов 19-сентябрда Алма-Ата шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан. Аны ТИМ Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү катары баалап, Астанага нота жиберген. 
Views
182
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18