Юлия КОСТЕНКО
15:44, 20 сентября 2017, 24.kg

Боршайком: Кээ бир талапкерлерге жан тарткан мүчөлөрүбүз жыйынга катышпай жатат

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссиянын мүчөлөрүнүн айыптоолоруна жооп берди.

Ал «24.kg» агентигине Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов, Атыр Абдрахматова жана Елена Жылкычиева отурумдарга атайын катышпай үзгүлтүккө учуратып жатканын билдирди.

«Мисалы, кечээ БШКнын жыйыны кворум жоктугунан өтпөй калды. Анда бир талапкердин үгүт иштерин бузгандыгы боюнча маселе каралмак. Жыйынга бут тосуп, келбей коюшту. Ага чейин эле чүчүкулак өткөрүлгөн кезде ал мүчөлөр бар болчу», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Анын айтымында, бүгүн маалымат жыйын өткөргөн БШКнын мүчөлөрүнүн айынан эки жолу отурум өтпөй калган.

«Шайлоо учурунда күн сайын жыйындар өтүп калышы мүмкүн. Регламент боюнча комиссия мүчөлөрүн ошол күнү дагы маалымдоого болот. А эгер мүчөлөр келе албаса, алдын-ала билдирип коюшу керек», — деди ал.

Нуржан Шайлдабекова комиссиянын мүчөлөрүнүн кадамына баа берилерин, мындай аракеттер шайлоого жолтоо болорун айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн БШКнын төрт мүчөсү аларга иштөөгө бут тосулуп жатканын билдиришкен.

Views
180
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18