13:01, 20 сентября 2017, 24.kg

Кыргызстан Назарбаевдин Бабанов менен жолугушуна нараазычылык билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Нурсултан Назарбаевдин президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушуна нараазычылык билдирди.  

ТИМдин маалыматында, Казакстандын Кыргызстандагы өкүлү Р. Карибжанов чакырылып, ага каршылык нотасы ыйгарылды. 

«Кыргызстан тарап бул жолугушууну өлкөнүн ички саясатына жана шайлоого кийлигишүү катары баалайт», — дейт ТИМ. 

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов менен Нурсултан Назарбаев 19-сентябрда Алма-Ата шаарында жолугушкан. Анын видеосун президенттикке талапкер өзү таркаткан. БШК дагы бүгүн жыйында бул маселени карап чыгат. Анткени, шайлоо мыйзамына ылайык чет элдик лидерлерди үгүт иштерине тартууга жана алар менен түшкөн сүрөттөрдү үгүт иштеринде колдонууга тыюу салынат. 

Views
198
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18