09:40, 20 сентября 2017, 24.kg

Бүгүн «Биринчи радионун» эфиринде Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев кездешет

Бүгүн «Биринчи радионун» эфиринде  Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев кездешет.

 

Эскерте кетсек, Борбордук Шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин КТРК жана «Биринчи радиодо» өтө турган телетаймаштардын кезегин жана убактысын бекиткен. Ага ылайык талапкерлер алгач радиодо уюштурулган дебаттарга катышат. Теледебаттар 3-октябрда башталат. 

18-сентябрда Азимбек Бекназаров менен Арстанбек Абдылдаев «Биринчи радионун» эфиринде болду. Кечээ Адахан Мадумаров менен Эрнис Зарлыков түз эфирде жолукту. 

21 -сентябрда 12.00 — 13.00 Сооронбай Жээнбеков менен Камчыбек Ташиев.

22 — сентябрда 12.00 — 13.00 Бакыта Төрөбаев менен Таалатбек Масадыков.

25 сентябрда 12.00 −13.00 Токтайым Үмөталиева, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоров катышат.

Экинчи тур 3-октябрдан башталат. Анда Өмүрбек Бабанов менен Токтойым Үмөталиева кездешет. Андан кийин ушул эле саатта 4-10-октябрга чейин Темир Сариев менен Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков менен Эрнис Зарлыков, Арстанбек Абдылдаев менен Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев жана Арсланбек Малиев катышат.

Views
139
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18