16:43, 19 сентября 2017, 24.kg

Депутаттар «Бишкек жылуулук станциясы» көмүрдү импорттоп жатканына нараазы

«Бишкек жылуулук станциясы» көмүрдү импорттоп жатканына депутат Азамат Арапбаев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында нараазычылык билдирди. 

Анын айтымында, жылуулук станциясы жергиликтүү көмүр гана камсыздоо боюнча 2011-жылы кабыл алынган чечимди аткарбай жатат. 

«Ал акчаны өз экономикабызды колдоого жумшоонун ордуна, ТЭЦ Кыргызстандын тышкы карызын көбөйтүп жатат. Жылуулук станция оңдолгондон кийин жалаң гана жергиликтүү көмүр менен иштеши керек болчу» - деди депутат. 

Өнөр жай, энергетика жана кен байлынтарды колдонуу комитетинин башчысы Улан Рыскуловдун маалыматында, «Бишкек жылуулук станциясы» кышка карата 1 миллион тонна көмүр сатылып алынат. Анын 500 миң тоннасы Кавак кенинен, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн, дагы 450 миң тонна Казакстандан алынып келинет. 

 

Views
163
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18