15:01, 19 сентября 2017, 24.kg

Кыйноо факты боюнча айыпталып жаткан милициянын иши Жогорку сотто каралууда

Кыйноо факты боюнча айыпталып жаткан милициянын иши Жогорку сотто каралууда. Бул тууралуу «24.kg» агентигине жабыркаган тараптын жактоочусу билдирди.

Алардын айтымында, Жогорку сот материалдар менен толук танышуу үчүн 25-сентябрга чейин убакыт сурады.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ислам Шералиев кызматтык абалынан пайдалануу жана кыйноо факты боюнча айыпталат.

2015-жылдын жай айларында милиция Өзбекстандын жараны Нодирбек Абдирохимовду чек араны мыйзамсыз кесип, контрабанда алып өтүү аракети үчүн камакка алат. Ал милиция бөлүмүндө аны Шералиев тынымсыз сабаганын айтып арызданат. Кыйноо боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү даарыгерлер менен бирге кыйноо фактын ырасташат.

Райондук сот милициянын жетекчисин актап чыгарган. Шаардык сот аны күнөөлүү деп таап, 300 миң сомго айып пул салган. Жактоочулар чечим менен макул болбой, Жогорку сотко кайрылган.

Views
136
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18