09:10, 19 сентября 2017, 24.kg

Тажикстанда сарык оорусу күч алды

Тажикстандын Ашт районундагы Пунук айылында жүзгө жакын бала сарык же гепатит А менен ооруп жатат. Балдардын мындай жапырт ооруусу райондо биринчи жолу катталууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы маалымдайт.

Айылдын катчысы Саида Гафурованын айтымында, ооруп калгандардын көбүн 5-6 жаштагы балдар түзүшөт. Ал дарыгерлер тарабынан айылдагы бардык көлмөлөрдө санитардык-профилактикалык, ал эми ажатканаларда химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жергиликтүү оорукананын дарыгери Исматулло Абдуллоев акыркы эки айда аталган айылдын гепатит А менен ооруган 40тан кем эмес баласы ооруканага жаткырылганын билдирди. Айтымында, алардын тышкары үй шартында дарыланып жаткан балдар да жок эмес.

Тажикстанда гепатит А менен ооругандардын саны күзүндө кескин көбөйөт. Согди облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, быйыл сарык менен ооругандардын саны Канибадам, Матсинск, Исфара жана Жабборрасулов райондорунда көбөйгөн.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен аларда бардык аймактагы жашоочуларга эмдөө жүргүзүүгө каражат жок экенин билдиришти.

Views
125
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18