18:53, 18 сентября 2017, 24.kg

Өкмөт Liglass Trading менен келишимдин тагдырын чече элек

Өкмөт Liglass Trading менен келишимдин тагдырын чече элек. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

«Кырдаал кайсы жакка өзгөрүп кетиши белгисиз. Компаниянын 37 миллион долларды төлөй албастыгы азыр ачыкталды. Алар бир аз убакыт сурап жатат» - деди вице-премьер-министр.

Анын айтымында Чех компаниясына ишенбөөгө себеп жок болчу. Алар тендердик сынакка баардык кагаздарды алып келип, ыңгайлуу сунуш киргизишкен.

«Тендерде баардык ишканаларга бирдей шарт коюлган. Чехиялык ишкерлердин сунуштары жакшы болгондуктан алар тандалып алынган» - деди Дүйшөнбек Зилалиев.

Эскерте кетсек, аталган ишкана Кыргызстанда Ак-Булун ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадындагы бир нече чакан ГЭСтин курууга уруксат алышкан. Бирок, шарт боюнча алар 37 миллион долларды келишимге кол коюлгандан кийин бир ай ичинде төлөшү керек. 

Views
198
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18