14:17, 18 сентября 2017, 24.kg

Ленин райондук сотунда Аида Салянованын ишин кароо уланууда

Ленин райондук сотунда мурдакы юстиция министри Аида Салянованын ишин кароо уланууда. Айыпталуучу үчүнчү күн сурак берүүдө. 

Аида Салянова Алексей Елисеевдин жактоочулук күбөлүгү мыйзам чегинде узартылгандыгын жана анда эч бир мыйзам бузуу жоктугун дагы бир жолу кайталады. 

«Алексей Елисеевдин негизги эле айыбы ал Максим Бакиевдин жакын адамы. Ага каршы кылмыш иштери 2013-жылы мен Башкы прокурор кезде козголгон. Бирок, менин буйругум менен эмес» - деди ал. 

Эскерте кетсек, Аида Саляновага 2010-жылы Алексек Елисеевдин жактоочулук лизенциясын узарткандыгы үчүн иш козголгон. Ал кезде Салянова юстиция министрлигин жетектеген.

 

 

 

Views
128
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18