12:58, 18 сентября 2017, 24.kg

Liglass Trading ишканасы азырынча 37 миллион долларды которууга шашылбайт

Liglass Trading ишканасы азырынча 37 миллион долларды которууга шашылбайт. Бул тууралуу Чех компаниясынын директору Михаид Смелик бүгүн маалымат жыйында билдирди. 

«Биз алдын-ала айткыбыз келбейт. Өкмөт менен дагы сүйлөшүү жүргүзөбүз. Долбоор токтогон жок. Азыр бирдеме десек Эдил Байсалов аны дароо жазып чыгат», — деди Михаил Смелик.

Эскерте кетсек, аталган компания Кыргызстандагы Ак-Булун ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтердин курулушуна тендерди утуп алган. Компания 19-сентябрга чейин 37 миллион долларды Кыргызстандын эсебине которушу керек. Ал акчаны кыргыз өкмөтү «Русгидро» ишканасынын эсебине которушу керек.

Views
131
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18