11:29, 15 сентября 2017, 24.kg

Бишкек-Ош каттамынын жүргүнчүлөрү учакта бир саат депутатты күтүп олтурушкан

Кечээ ТezJet авиакомпаниясынын DJ- 117 Бишкек — Ош каттамы бир саат кармалып учкан. Бул тууралуу Facebook колдоонучусу Дамира Акунова маалымдаган.

Анын айтымында, жүргүнчүлөр учакта бир саат Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовду күтүшкөн.

«Учактын жарымы жаш балдар болчу. Алар ыйлап, кыйкырып жатышты. Ага карабай, бир саат депутатты күтүп учпай турду» — дейт Дамира Акунова.

«Манас» аба майданыдан «24.kg» агентигин каттам 26 мүнөт гана кармалганын, ага учактын ичин тазалоо иштери себеп болгондугун билдиришти.

Views
159
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18