08:49, 15 сентября 2017, 24.kg

Назарбаев Сирияга аскерлерди жөнөтүү шарттарын айтты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тынчтык орнотуучу аскерлерди Сирияга жөнөтүү маселеси БУУнун чечиминин негизинде ишке ашышы мүмкүн экенин билдирди.

«Биринчиден, биздин Конституцияга ылайык, аскерлерди согуш аймактарына жөнөтүү парламенттин чечими менен гана ишке ашат. Экинчиден, ЖККУнун уставы боюнча мындай күчтөрдүн катышуусу каралган эмес. Бирок БУУ тынчтык орнотуучу күчөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алса, биз бул уюмдун мүчөсү катары аскерлерибизди жөнөтүшүбүз мүмкүн»— деди Назарбаев.

Назарбаев Казакстан Сирия жаңжалынын тынч жол менен чечилишин жактай турганын айтты.

Эскерте кетсек, учурда Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат.

Views
159
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18