11:20, 14 сентября 2017, 24.kg

Тажикстанда 1-октябрдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

1-октябрдан тарта Тажикстанда электр энергиясына болгон тарифтер 15 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу «Озоди»  маалымдайт.

Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Эмомали Рахмон тарабынан 29-августта кол коюлган.

Токтомго ылайык, учурда 14,65 дирамдан сатылып жаткан бир киловатт электр энергиясынын баасы болжол менен 16,85 дирамга (2 центке жакын) чейин жогорулайт деп күтүлүүдө.

Бийлик тарифтердин жогорулашы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тиешелүү болбой турганын билдирип, алардын короткон каражатынын ордун толтуруп берүүнү убадалоодо.

Февралда Тажикстанда керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулатылган. Анда баалардын жогорулашы катардагы жарандардын чөнтөгүнө таасир эткен эмес.

Тажикстанда электр энергиясынын баасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен жылына эки жолудан 20 пайызга жогорулап турат. Электр энергиясына болгон тарифтерди акырындык менен көтөрүү тууралуу меморандумга Тажикстан өкмөтү менен Дүйнөлүк банк 2006-жылы, өлкөнүн энергетика тармагынын кирешелүүлүгүн арттыруу максатында кол коюлган.

Views
137
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18