11:11, 13 сентября 2017, 24.kg

Өзбекстандын район акими мектеп директорлорун сабаган тасма таркады

Өзбекстандын Сыр-дарыя облусуна караштуу Сайхунобод районунун акими Насиржан Эгембердиев катар тизилген кишилерге кол көтөргөн тасма таркады. Маалыматка караганда, аким мектеп директорлорун сабап жатат.

Анда, аким директорлорду сөздөр менен кемсинтип, Эгемендүүлүк майрамына мугалимдерди алып келбегендиги үчүн тилдөөдө.

«Айбандар, эмнеге районду сыйлабасыңар? Же бул силердин майрамыңар эмеспи?»-дейт аким.

Маалыматта Эгемендүүлүк күнү 25-августта белгиленмекчи болуп, кийин 27сине жылгандыктан, айрым мектеп директорлору кабардар болбой калгандыгы жазылат. Майрам алгылыктуу уюштурулбагандыгы үчүн облус жетекчиси акимге эскертүү берген. Насиржан Эгембердиев бир жыл мурда районго жетекчи болуп дайындалган. 

 

 

Views
895
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18