09:20, 13 сентября 2017, 24.kg

12 жашар кызды зордуктоого шектелген даарыгер Бишкектеги № 1 абакка которулду

12 жашар кызды зордуктоого шектелген даарыгер Бишкектеги № 1 абакка которулду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Чүй облустук ИИБсынан билдиришти.

Кечээ Кемин райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Кыздын туугандарынын айтымында, анын психикалык абалы оор, даарыгердин жардамына муктаж.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Орловка шаарынын Жалпы даарыгерлик тажрыйба борборунун терапевтине зордуктоо айыбы менен иш козголгон. Кыздын апасынын айтымында, даарыгер кызды убактылуу шал кылган укол сайып, зордуктаган.

Жаза кодексинин 133-беренеси менен (бузукучулук кадамдар) менен козголду.

Views
206
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18