Татьяна КУДРЯВЦЕВА
15:42, 12 сентября 2017, 24.kg

Депутаттар тарыхчынын Улуттук банкты жетектөөгө көрсөтүлүп жаткандыгына каршы

Бүгүн парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйында Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлгөн Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин каралууда. 

Депутаттар Кубанычбек Кулматовдун Улуттук банкты жетектөөгө кесиби туура келбестинин айтышты. Талапкер алар менен макул болгон жок. 

«Билимим боюнча тарыхчымын. Бир эле жыл мугалим болуп иштедим. Калган кезде бизнес, же мамлекеттик кызматта жүрдүм. Бажы кызматын, муниципалдык кызматты жетектедим. Финансалык тармактагы тажрыйбам 1,5 жыл. Мага жүктөлгөн милдетти аткара алам», — деди ал.

Кулматов банкты жетектеп калса кескин өзгөртүүлөрдү жасабайт. 

«Улуттук банк туруктуу иш алып барууга тажрыйбасы жана адистик курамы да жетиштүү. Менин келишим менен көп өзгөрүү болбойт», — деди ал. 

Комитет анын талапкерлигин колдоду. 

Эскерте кетсек, Улуттук банктын мурдакы төрагасы Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган. 

Views
174
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18