14:41, 12 сентября 2017, 24.kg

Каптагаев Жапаровдун сотунда жабырлануучу болуудан баш тартты

Ысык-Көл облусунун мурдакы жетекчиси Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровго каршы сотто жабырлануучу болуудан баш тартты. 

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровду Биринчи май райондук сот 11,5 жылга эркинен ажыраткан. Райондук соттун өкүмү учурда Бишкек шаардык сотто каралууда. 

Эмилбек Каптагаев сот учурунда айрым күбөлөрдү алып келтирилбей, ишке түз тиешеси жок кишилер гана суралып жаткандыгын айтып, сот залынан чыгып кетти.

Эскерте кетсек, Эмилбек Каптагаев Биринчи май райондук сотунун чечиминен кийин ал өкүмдү калыс эмес деп баалап, шаардык сотко кайрылып, Садыр Жапаровду актоону суранган. 

Садыр Жапаров 2013-жылдын октябрь айында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча өткөн митингди уюштуруп, Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну буйруган деп айыпталууда. 

 

Views
198
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18