15:39, 08 сентября 2017, 24.kg

Эрдоган Астанада «гүленчилер кыймылы» менен күрөштү талкуулайт

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жума күнү үч күндүк расмий сапар менен Казакстанга келет. Бул сапардын алкагында ал Ислам кызматташтык уюмунун илим жана технология боюнча биринчи саммитине катышат. Түркия лидери Эрдоган менен Казакстан президенти Назарбаевдин жолугушуусунда Мьянмадагы абал жана экономикалык кызматташтык маселелери талкууланат.

ТАСС маалымдагандай, эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда Анкара аскердик төңкөрүш аракетине айыптап жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүлендин кыймылына каршы туруу — талкуулана турган негизги темалардын бири болот.

Эскерте кетсек, Түркия Гүлен кыймылын 2015-жылы террордук уюм деп чечим чыгарган. 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төнкөрүш аракетинен кийин Гүлен менен байланышы бар делген он миңдеген киши куугунтукталган. Билим берүү министрлигинен эле 45 миң кызматкер жумуштан бошотулган.

Эрдоган менен Назарбаев 14-15-сентябрда Астанада өтө турган Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы талкуулашат.

Views
217
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18