Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
15:27, 08 сентября 2017, 24.kg

Аида Салянованын эки жаштагы кызы ооруп жаткандыгына карабай сот уланууда

Ленин райондук соту Кубанычбек Касымбеков бүгүн Аида Салянованын иши боюнча соттук териштирүүнү башка күнгө жылдыруудан баш тартты. Эртең отурумда түштөн кийинкиге тыныгуу жарыяланган.

Түштөн кийин парламенттин депутатынын жактоочулары дүйшөмбүгө чейин жылдырууну суранышты. Аида Салянова медициналык маалымдама алып келип берди.

Прокурор Нурлан Тагаевдин айтымында, маалымдама ооруканадан эмес, бейтапканадан алынган. «Бул жерде дене табы көрсөтүлгөн эмес. Дарты да жазылган эмес», — деди ал.

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.

 
 
Views
176
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18