Бишкек — Кара-Балта жолундагы кырсыкта айдоочу мерт кетти
Бишкек — Кара-Балта жолунун 65-чакырымындагы кырсыкта айдоочу мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Анын айтымында, Honda Fit унаасынын 31 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган.