Анастасия БЕНГАРД
10:35, 08 сентября 2017, 24.kg

Ысык-Көлдө төрт киши уунанын ичинде күйүп кетти

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгында төрт киши уунанын ичинде күйүп кетти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. 

Анын айтымында, ууна бүгүн таңкы саат 4-5те Григорьевка жана Кашат аймагында  «LEXUS RX300» уунасы катуу ылдамдыкта келе жатып, жолдон чыгып, оодарылып, күйүп кеткен. 

Кырсык болгон жерде уунадан ыргып кеткен эки кап кара куурай табылды. 

Айдоочуга жана жүргүнчүлөргө тиешелүү эч кандай документтер табылган эмес. Милициянын билдирүүсүндө, бир сим-карта гана алынды. Аны менен күйүп кеткен жарандардын өздүгүн тактоо аракети көрүлөт. 

 

Views
192
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18