10:11, 08 сентября 2017, 24.kg

Анкарада эс-тутумун жоготкон кыргызстандык кыз мекенине кайтып келет

Анкарада эс-тутумун жоготкон кыргызстандык кыз мекенине кайтып келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, Анара Орозова бүгүн Бишкекке учуп келет. 

Эскерте кетсек, Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Акбалык Жумалиева эс-тутумун жоготуп, Анкаранын көчөлөрүндө тентип жүргөн кыргыз кыздын сүрөтүн жарыялаган. Түркиядагы мекендештер кыздын психикалык абалы начар экендигин, эч кимди жанына жолотпой, сүйлөшпөй жаткандыгын билдиришкен.

Кийинчерек кыздын атасы табылып, ал кызы иштеп келүү үчүн Түркияга кеткендигин айтып, аны Кыргызстанга кайтарып келүүгө жардам сурайт.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин кызматкерлери кызды полицияны бөлүмүнөн алып чыгып, оорууанага жаткарышкан. Түркиядагы кыргыздар Анара Орозованын дарылануусуна жана учакка билетине акча беришкен. 

Views
177
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18