11:41, 06 сентября 2017, 24.kg

Документтерди берүүчү күркөлөр ачылат

Кыргызстанда документтерди берүүчү күркөлөр ачылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы каттоо кызматынын карамагына өткөндөн кийин жаңы долбоор ишке кирүүдө. Эми мамлекеттик документтерди алуу жолун ыңгайлаштыруу максатында ар бир айыл өкмөтүндө күркөлөрдү ачуу пландалууда. Ал жерден төрөлгөндүгү, өлгөндүгү, никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алууга болот. 

«Маалыматтык күркөлөр - бул калкка кызмат көрсөткөн кичи маалымат борборлору болот. Андагы операторлор тийиштүү маалымдамаларды жана анкетаны кабыл алышат. Япония бере турган 5,6 миллион долларга 427 жабдуу алынат», — деди Дастан Догоев.

Учурда 170 күркөө орнотулуп, текшерүүдөн өтүп жатат. 

Views
234
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18