10:32, 06 сентября 2017, 24.kg

Дубнов: Өзбек президентинин сапары Мирзиеев да, Атамбаевге да пайдалуу

Өзбек президентинин Кыргызстанга сапары Алмазбек Атамбаев үчүн да, Шавкат Мирзиеев үчүн да пайдалуу. Бул тууралуу россиялык серепчи жана журналист Аркадий Дубнов «24.kg» маалымат агентигине билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү аяктап, Кыргызстан шайлоо алдында турган кезде Өзбекстандын президенти дипломатиялык гана эмес, саясый дагы кадам жасап, расмий сапар менен келип олтурат.

«Өзбекстан Борбордук Азия мамлекеттери тышкы саясатынын өзөгүн түзөрүн, коңшулар менен мамиле алдынкы орунда экендигин көрсөтүп жатат. Андан сырткары, коңшулар менен мамиле бир адамга байланышпай, аны кийинки президент менен дагы улантууга даярдыгын билдирүүдө. Мирзиеев эми Кыргызстандын кийинки президенттин дагы азыр түзүлгөн келишимдерди сактоого милдеттендире алат.

Албетте бул Алмазбек Атамбаев үчүн да пайдалуу. Анткени, эки өлкө үчүн оор болгон чек ара маселесинин оң жакка чечилишине Атамбаев салымын кошуп калып жатат», — дейт Аркадий Дубнов.

Серепчинин баамдоосунда, Өзбек президентинин сапары шайлоонун жыйынтыгына да таасир берет.

«Этникалык өзбектөрдү бул сапар Алмазбек Атамбаевдин талапкерин колдоого түртөт» — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев келди. Эки өлкө башчысы чек ара жана Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушу тууралуу маселелер боюнча макулдашууга жетишти.

Views
221
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18