09:54, 06 сентября 2017, 24.kg

Мародерлук иши боюнча айыпталгандарга сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморовго карата сот өкүмү чыкты.  Аларга 2010-жылдын апрель айындагы окуяларга талап-тоноо жана Чүй облусунун Аламидин райондук сотунан кылмыш ишинин материалдарын уурдоо фактылары менен айып тагылган. 

Абдулла Юсупов Кылмыш кодексинин 167-беренеси («Тоноо» ) менен 10 жылга,  174-беренеси («Мүлккө атайын зыян тийгизи жана жок кылуу») менен эки жылга, 317-беренеси («Сот акыйкаттуулугуна жол тосуу») менен бир жылга эркинен ажыратылды. Жыйынтыгында Юсупов 21 жыл күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө кармала турган болду. Жаза өтөө мөөнөтү 2011-жылдын 8-августунан башталат. 

Белгилей кетсек, 2013-жылдын 1-мартында Чүй облустук соту Юсупов менен Оморовду 13-жылга, Шергазиевди 16-жылга эркинен ажыраткан.

Биринчи май райондук соту Дастан Оморовду 19 жыл чегерди. Ал дагы күчөтүлгөн тартиптеги абакта кармалат.  

Ал эми Азамат Шергазиев 21 жылга соттолуп, бирок, ага карата мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтү кыскартылды. 

 

Views
207
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18