Юлия КОСТЕНКО
09:37, 06 сентября 2017, 24.kg

Сот өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун үйүн камоодон чыгарды

Базар-Коргон райондук соту өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун үйүн камоодон чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу билдирет.

Маалыматта прокуратура ката кетиргендигин мойнуна алып,  укук коргоочунун мүлкүнө салынган камоону алгандыгы айтылат. Мыйзам боюнча соттолгондун жубайын Хадича Аскарова жашаган үй конфискацияланбайт. 

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда жашаган укук коргоочу 2010-жылдагы түштүктөгү коогалаңга байланыштуу өмүрү өткөнчө кесилген. 

Views
187
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18