10:27, 05 сентября 2017, 24.kg

Азимбек Бекназаровго сотто жалган көрсөтмө бергендиги үчүн иш козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК) Азимбек Бекназаровго Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын маалыматында, Башкы прокуратура Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев сүйлөшүүсү жазылган аудиотасманын аныктыгын текшерүү сунушун жөнөткөн. Андан сырткары, Сomment. kg порталынын редактору Раушан Айткулова дагы арыз менен кайрылган.

Эскерте кетсек, интернетте жарыялаган аудиотасмада Азимбек Бекназаров Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендигин моюнга алат. Ал жана Камчыбек Ташиев бул аудио тасманы атайын жасалган монтаж деп билдиришкен. Экөө тең соттогу көрсөтмөсү чын экендигин жарыялашкан.

Бирок, бул аудио тасмадан кийин журналист Раушан Рыкунова Азимбек Бекназаровдун Сomment. kg порталына берген маектен кийинки сөзүн жарыяланган. Ал видеотасмада дагы Бекназаров сотто жалган көрсөтмө бергендигин жана 2010-жылы «Ата-Мекен» партиясынын жетекчилери «Альфа телеком» компаниясын көзөмөлдөөгө аракет кылгандыгын айткан.

УКМКнын билдирүүсүндө, аудио жана видеотасма Алма-Ата шаарына фоноскопиялык текшерүүгө жөнөтүлүп, адистер эки үн тең Азимбек Бекназаровго таандык экендигин жана монтаждалбагандыгын аныкташкан

Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Views
194
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18