Анара МАМЫТОВА
10:06, 05 сентября 2017, 24.kg

ТИМ Мьянмидеги чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянми өлкөсүндөгү акыркы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Кыргызстан БУУнун уставтарына таянып, Мьянмиде мусулман коомчулугуна карата зомбулукка тынчсызданып жатканын айтылып, чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан Мьянми республикасында (мурдакы Бирма) мамлекеттик бийлик менен оппзициялык топ ортосунда кагылышуу жүрүп жатат. Кыргызстандын коомчулугу дагы дүрбөлөңгө түшүп, этникалык жана диний азчылыкка колдоо көрсөтүп, социалдык тармактагы сүрөттөрүн алмаштырууда.

Ошол эле учурда Мьянмиде таркаткан сүрөттөрдүн көпчүлүгү бул өлкөдөгү чатакка тиешеси жоктугу, алар атайын ахыбалды курчутуу үчүн таркатылып, конфликттин себептери эл аралык ЖМКда так айтылбай жаткандыгы тууралуу да маалыматтар бар.

Бирмада жарандык согуш 1948-жылдан бери жүрүп келет. Өлкө калкынын саны 60 миллион. Анда буддизм, христиан жана ислам диндерин тутунган бир нече улуттар жашашат.

Рохинжа — бул ислам динин тутунган этникалык топ. Ракхайн штатында жашайт. Жалпы саны 1 миллионго жакын. Мьянми бийлиги аларды мыйзамсыз мигранттар катары эсептеп, жарандык берүүдөн баш тартып келет. БУУ аларды эң бир куугунтукталган этникалык азчылык деп атаган.

Өлкөдөгү кырдаал былтыры чек ара постуна чабуул болуп, 9 аскер кагаз болгондон кийин курчуду. Мындан кийин, Ракхайн штатына аскерлер киргизилген. 20 миңдей мусулмандар Бангладешке качып кетишкен. БУУнун быйылкы баяндамасында, Ракхайн штатында аскерлер киргенден кийин соттук териштирүүсүз эле жазалоо, тобу менен зордуктоо жүргөндүгүн маалымдаган. Канча киши каза болгондугу белгисиз.

25- августа «Рохинжа менен тилектештин Аракан аскерлери» тобу полиция жана аскердик базаларга кол салды. Кагылышуудан 400 киши каза тапты.

Views
253
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18