Суйунбек ШАМШИЕВ
14:36, 30 августа 2017, 24.kg

Жаш активисттер жол кырсыгын азайтуу үчүн түлөө өткөрүшөт

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун жаштары акыркы мезгилде көбөйгөн жол кырсыктарын азайтуу үчүн түлөө өткөрүшөт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине акциянын уюштуруучусу Келдибек Жээнбеков билдирди.

«Үч облустун жаштары топтолуп, элдердин жолдогу өлүмүн азайтуу үчүн ушул салтты ырымды өткөрүп коюлу дедик», — деди Келдибек Жээнбеков.

Азыр жаштар мал сатып алып жатышат. Ырымды Жалал-Абаддын кире беришинде 3-сентябрда өткөрүшөт.

Жаш активисттер 10 миң кол топтоп, парламентке жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөткөн жаңы мыйзам долбоорун демилгелемекчи.

Views
201
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18