Анара МАМЫТОВА
11:43, 30 августа 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаевден кызматынан кетип бара жатып мунапыс жарыялоону суранышты

Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Сөз эркиндигинин экинчи форумунда Алмазбек Атамбаевден журналисттерге каршы доо арызын кайтарып алууну суранды. 

«Мен жеке өзүм Алмазбек Атамбаевди мөөнөтү аяктаганда сый-урмат менен узаткым келет. Андыктан ага мындай кеңеш берет элем. Американын президенттери Акүйдөн кетип бара жатып, мунапыс жарыялайт. Бир да мыйзам президенттик мунапысты жокко чыгара албайт. Алмазбек Атамбаев тарыхда боорукер, бирөөгө кек сактабаган адам катары калгысы келсе, анда ушундай буйрук жарыялашы керек», — деди Медеткан Шеримкулов.

Сөз эркиндиги форуму журналисттерге карата кысым, «Сентябрь» телеканалынын жабылышына байланыштуу уюуштурулган. 

Views
522
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18