09:55, 30 августа 2017, 24.kg

«Тез жардам» кызматын өткөрбөгөн 14 айдоочуга айып пул салынды

«Тез жардам» кызматын өткөрбөгөн 14 айдоочуга айып пул салынды. Кечээ Бишкек медициналык тез жардам көрсөтүү станциясы менен Жол кайгуул кызматы рейд өткөрүп, анын жыйынтыгында 14 айдоочуга айып пул салынды.

Жол кайгуул кызматынын маалымат бөлүмүнүн айтымында, рейддин максаты — айдоочулар «Тез жардам», милиция жана өрт өчүрүү кызматын өткөрүүгө көндүрүү.

«Шаардын айдоочулары тез жардам кызматтарына кош көңүл карашат. Жол бошотпойт. Алар шашылыш жерге кечигип калашын түшүнбөйт. Мындай рейддер дагы кайталанатВ», — деди Жол кайгуул кызматынын маалымат бөлүмү.

Жол бошотпогон ар бир айдоочу 500 сомдон төлөйт.

Views
219
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18